Кирүү акысы – акысыз


10:00 – 16:00


Дем алыш күнү жок


Менин турума кош

Кол өнөрчүлөр

Эски базар өз кол өнөрүнүн сырларын бекем сактаган кол өнөрчүлөр менен белгилүү, ал эми алардын буюмдарына ушул күнгө чейин жергиликтүү тургундардын суроо-талабы жогору. Алар буюмдардын сапатын жана көпкө чыдамдуулугун баалашат.

Жаркыраган чыгыш кездемелери сатылган катарлардын артындагы эски темир усталардын катарында иштеген устага ушул күнгө чейин чайнек, самоор жана башка ашкана буюмдарын алып келишет, ал аларды калыбына келтирип берет. Улгайган уста күн нуруна көзүн кысып жылмаюу менен чайнектерге экинчи өмүр берет.

Заманбап курулуш дүкөндөрүнөн жергиликтүү ашпозчуларга жана набайчыларга керек болгон көптөгөн буюмдарды табууга болбойт. Эски базардан гана набайчылар кызыган тандырга жабаардан мурун өз нандарын кооздогон чекичтерди табууга болот.

Алардан кийин эле чатырчалардын алдында даяр жыгач бешиктер илинип турат. Миңдеген жылдардан бери алардын формасы жана колдонуу багыты өзгөргөн жок. Бешиктер конструкциясы, оймо-чиймеси, оюусу жана гүлдүү гаммасы менен жеңил айырмаланат. Бешиктин эң башкы касиети – бул бала үчүн ыңгайлуулук жана жайлуулук. Кыздар менен балдардын бешигинде оюулардан жана заара кылуучу түзүлүштөрүнөн башка принципиалдуу айырмачылыктар жок.

Бешиктердин формасы жана каркасы жүздөгөн жылдардан бери өзгөрүлгөн эмес. Жабууларындагы оймо-чиймелер гана кездемеге жана анын түсүнө жараша айырмаланат. Башкы жабуусун салттуу түрдө баркыт кездемеден тигишкен. Бешиктер талдан, карагайдан, кызыл карагайдан жана өрүктөн жасалган. Бир үй-бүлөнүн бир нече муундарынын бешик жасоо менен алектениши салт болуп калган. Алардын ар биринин өз милдеттери бар, бирок эң улуусу дайыма башчы болуп, ал өз өнөрүнүн бардык сырларын билген.

Алардан алыс эмес жерде ат жабдыктарын, жалпысынан алганда, ат чабууга, ээр чабууга жана аттарды үйрөтүүгө керектүү түрдүү буюм-тайымдарды сатуучулар жайгашкан. Мурун мунун бардыгы эски кербен сарайда сатылчу, ал жер кийин кафеге айланган.

  • Көп түрдүүлүк

    Биз базарды шашпай, жайбаракат аралап чыгууну жыпар жыттуу көк чайдан баштоону сунуштайбыз. Базардын эски бөлүгүндөгү жергиликтүү чайханалардын бирине кириңиз. Жазылбаган салт боюнча базарга болгон саякат…

  • Тешик-Таш

    Бул тээ илгертен бери сакталып келе жаткан базарга баруучу колориттик өтмөктөрдүн бири. Тээ алыскы убактарда жардагы таштуу жерлердин арасында жайгашкан турак жай кварталдарынан түшө турган…

  • Кол өнөрчүлөр

    Эски базар өз кол өнөрүнүн сырларын бекем сактаган кол өнөрчүлөр менен белгилүү, ал эми алардын буюмдарына ушул күнгө чейин жергиликтүү тургундардын суроо-талабы жогору. Алар буюмдардын…

  • Базардын тарыхы

    Оштун эски базарынын жашы менен шаардын жашы бирдей. Бүгүнкү күндө  жергиликтүү базарлардын көпчүлүгү жок болуп кетти, айрымдары өз локацияларын алмаштырды, эски базар гана доорлорду жана…


  • Эстеликтер алмашкан доорлордун символу сыяктуу

    Оштун борбордук аянтында коммунисттердин жол башчысы Владимир Лениндин эстелиги дагы деле турат, ал 1985-жылдын май айында тургузулган. 11 метр бийиктиктеги эстелик 12 метрлик постаментте көтөрүлгөн.…

  • Рушан үңкүрүндөгү музей

    1978-жылдын июль айынын ысык бир күнүндө Сулайман-Тоодо 752 чарчы метр экспозициялык аянттагы 13 үңкүрдө жайгашкан тарыхый-аймак таануу музейи ачылган!

  • Ош ашы

    Аш – бул Оштун негизги тамагы! Бекеринен шаар менен тамактын аталышы окшош болбосо керек. Ошто Ташкент же Самарканд ашынан айырмаланган, аштын классикалык түрүн жасашат. Андижан,…

  • Көпүрөлөр жана Ак-Буура

    Ош – көп сандагы көпүрөлөрдүн жана көпүрөчөлөрдүн шаары. Биз шаарда сейилдеп жүрүп, көпүрөлөрдө сейилдеп жүргөнүбүздү сезбейбиз,  алардын алдында көп сандагы каналдар жайгашкан. Көпүрөлөрдүн көпчүлүгү Ак-Буура…