
Менин турума кош
Орто кылымдагы мончо
Сулайман-Тоонун түндүк этегиндеги орто кылымдагы мончонун калдыктары 1984-жылы павильон куруу үчүн курулуш иштерин жүргүзүп жаткан убакта күтүүсүздөн табылган.
Археолог Юрий Заднепровский жана тарыхчы Елена Дружинина изилдөө жүргүзүшкөндөн кийин анын X-XII кылымдарга таандык коомдук мончо экендигин тастыкташкан. Бул кызыктуу дал келүү болуп саналат, мончонун калдыктары да ички казуулардын убагында табылган Асаф ибн Бурхийдин күмбөзүнүн кыш төшөмөсү да X-XII кылымдарга таандык болгон.
Орто кылымдагы мончо тоонун этегине жыш курулган медреселер менен мечиттерге катарлаш жайгашкан. Мончодон алыс эмес жерде Жупас-Арык жана Жаннат-Арык каналдары агып өткөн. Жупас-Арык каналы азыркы убакытка чейин ошол жерден агып өтөт.

Археологдор бир катар белгилерине жараша мончону коомдук мончо деп аташкан. Биринчиден, ал тереңдетилген жерде жайгашкан. Экинчиден, бул табылган жайлардын көлөмү жана саны менен көрсөтүлөт. Ошону менен бирге алардын пландоосу суу өткөрбөгөн шыбактын калдыктары менен эркин формада жасалган.
Археологдор 500 чарчы метр аянттагы калдыктардан ар түрдүү көлөмдөгү жана багыттагы 15ке жакын жайды тазалашкан. Мончо бир нече жолу кайра курулган. Ал үч бөлүккө бөлүнгөн: түндүк, түштүк жана борбордук. Мончонун кире бериши түндүк тарапта болгон, муну археологдор тарабынан табылган чоң көлөмдөгү кыштан жасалган тегерек формадагы жолчо көрсөтүп турат. Түштүк жагында мындай жолчо жок болгон.
Окумуштуулардын айтуусу боюнча, кырдуу каптамалардын кеңири колдонулушу, ванналардын түзүлүшү жана жылуулук тутумундагы мамылардын, оюлган жерлердин жана темир суу түтүктөрүнүн айкалышуусу Оштогу мончону Ахсикенттеги (Өзбекстан) мончо менен окшоштурат. X-XIII кылымдарда Ахсикент Фергана өрөөнүндөгү эң ири шаарлардын бири болгон, 1620-жылы катуу жер титирөөнүн натыйжасында толугу менен кыйраган.
Бул мончону караханид доорунун мончосу деп да аташкан жана ал XVII кылымга чейин турган, бул убакыт бир нече жүз жылдыкты түзөт.

Жакындагы локациялар
-
Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити
Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити ХХ кылымдагы архитектуранын эстелиги, ал Навои көчөсүндө жайгашкан, Кыргызстандын түштүгүнө мүнөздүү кварталдык диний курулманын үлгүсүн көрсөтөт.
-
Халмурзай жана Мухаммедбай түрктүн медресеси
Бүгүнкү күндө Навои, Курманжан Датка жана Ленин көчөлөрү менен белгиленген кварталдардан Оштун эски кварталдарынын белгилерин табуу кыйын. Ал өзүнүн тарыхый белгилерин дүркүрөгөн оңдоп-түзөөлөр башталган 1960-жылдары…
-
Абдулла-хан IIнин мечит-рабаты
Абдулла-хан IIнин мечит-рабаты XVI кылымдагы Шейбаниддер доорундагы тарыхий-архитектуралык эстелик, ал Сулайман-Тоонун түндүк этегинде жайгашкан, болжолдуу түрдө 1580-жылы Бухарадан Ошко чейинки, Хорезмден Хорасанга чейинки эбегейсиз чоң…
-
Орто кылымдагы мончо
Сулайман-Тоонун түндүк этегиндеги орто кылымдагы мончонун калдыктары 1984-жылы павильон куруу үчүн курулуш иштерин жүргүзүп жаткан убакта күтүүсүздөн табылган.
Башка локациялар
-
Мозаика доорлордун символу сыяктуу
Оштун айрым имараттарында сакталып калган монументалдык мозаика шаардын тарыхындагы совет мезгилинин визиттик картасы болуп саналат. Ошол мезгилдин рухуна толук канган мозаика паннолору Ошто биринчи жолу…
-
Көркөм сүрөт музейи
Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи жергиликтүү музейлердин эң жашы. Ал 2014-жылы жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн демилгеси менен ачылган. Бул укмуштуудай музей кол өнөрчүлөрдүн тарыхый…
-
Рушан үңкүрүндөгү музей
1978-жылдын июль айынын ысык бир күнүндө Сулайман-Тоодо 752 чарчы метр экспозициялык аянттагы 13 үңкүрдө жайгашкан тарыхый-аймак таануу музейи ачылган!
-
Нөлдүк километр. Сулайман-Тоонун этеги
Сулайман-Тоонун түндүк этегинин алдындагы аянт дайыма ачык жана адамдар көп жүргөн жай болчу. 1970-жылдарга чейин мурунку жаңы музейдин, фонтандын жана аянтчанын ордунда кадимки махалла, ылай…