

Кирүү акысы – акысыз

06:00 – 20:00

Намаз убактысында жабык
Аял кишилер башын жабыш керек

Ош филармония имараты
Менин турума кош
Халмурзай жана Мухаммедбай түрктүн медресеси
Бүгүнкү күндө Навои, Курманжан Датка жана Ленин көчөлөрү менен белгиленген кварталдардан Оштун эски кварталдарынын белгилерин табуу кыйын. Ал өзүнүн тарыхый белгилерин дүркүрөгөн оңдоп-түзөөлөр башталган 1960-жылдары жоготкон. Мечит, медресе жана кербен сарайлардын эски имараттары совет стилиндеги жаңы типтеги имараттарга алмашылган.
“Алай” мейманканасынын (азыр студенттик жатакана) мурунку биринчи имаратынын ордунда кооз кербен сарай, медресе жана жума намаз окулуучу мечит болгон. Мечиттин короосунда укмуштуудай жүз жылдык чынарлар (чыгыш чынарлары) өсүп турган. Мунун баары буздурулуп, алгач “Родина” кинотеатры, кийин мейманкана курулган.
Азыркы Ош облустук филармониясы (мурунку “Космос” кинотеатры) жайгашкан жерде мурун Халмурзайдын мечити бар болчу. Анын жанындагы жардын четинде медреседе окуган окуучулардын бөлмөлөрү болгон. Кийин 1940-1950-жылдары ал жерге Ош облустук край таануу музейин убактылуу жайгаштырып турушкан. Жардын алдында эски базардын кире бериши, сол жагында парк жайгашкан.
Бул көчөнүн маңдайында Мухаммадбай түрк Халь Муратбаевдин медресеси болгон. Тилекке каршы, бул адамдар ким болгон, алардын ысымдары медресеге эмне үчүн ыйгарылгандыгы тууралуу башка маалыматтар жок. 1930-жылдары Мухаммадбай түрктүн медресесинин имараты Киров атындагы (азыркы Бабур атындагы) Ош өзбек музыкалык-драмалык театрга берилген. 1979-жылы театр жаңы имаратка көчкөндө медресе бузулган. Анын ордуна мурунку Ош облустук керек-жарак бирлигинин имараты курулган.
Мечиттердеги диний мектептерде балдар баштапкы сабаттуулукту жана Куран окууну үйрөнүшкөн, медреседе колунда бар үй-бүлөлөрдүн балдары окушкан. XIX кылымдын аягында Ош уездинде 154 мечит жана 88 медресе бар болгон.
Бул кварталдын тарыхынын мисалынан бийликтин кандай тез өзгөргүч касиетке ээ болгонун, өздөрүнө жаңы дүйнөнү куруу үчүн эски дүйнөнүн негиздерин кантип талкалашкандарын ачык көрүүгө болот. Натыйжада Ошто эски сүрөттөрдө түшүрүлгөн медреселердин бир да имараты сакталып калган эмес.

Жакындагы локациялар
-

Халмурзай жана Мухаммедбай түрктүн медресеси
Бүгүнкү күндө Навои, Курманжан Датка жана Ленин көчөлөрү менен белгиленген кварталдардан Оштун эски кварталдарынын белгилерин табуу кыйын. Ал өзүнүн тарыхый белгилерин дүркүрөгөн оңдоп-түзөөлөр башталган 1960-жылдары…
-

Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити
Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити ХХ кылымдагы архитектуранын эстелиги, ал Навои көчөсүндө жайгашкан, Кыргызстандын түштүгүнө мүнөздүү кварталдык диний курулманын үлгүсүн көрсөтөт.
-

Кол өнөрчүлөр кварталы
Оштогу сүрөтчүлөрдүн шаардагы эң сүйүктүү кварталдарынын бири. Жергиликтүү пейзажисттердин арасында Сулайман-Тоодон кийинки эң белгилүү локация. Илгери мечит жана медреселер көп болгондугуна байланыштуу, Оштун бул бөлүгү…
-

Орто кылымдагы мончо
Сулайман-Тоонун түндүк этегиндеги орто кылымдагы мончонун калдыктары 1984-жылы павильон куруу үчүн курулуш иштерин жүргүзүп жаткан убакта күтүүсүздөн табылган.
Башка локациялар
-

Ош ашы
Аш – бул Оштун негизги тамагы! Бекеринен шаар менен тамактын аталышы окшош болбосо керек. Ошто Ташкент же Самарканд ашынан айырмаланган, аштын классикалык түрүн жасашат. Андижан,…
-

Орус православ чиркөөсү
Михайло-Архангельский храмы – Орус православ архитектурасынын жалгыз эстелиги, XIX кылымдын аягында анын айланасында “жаңы шаар” деп аталган Оштогу славян коомчулугу калыптана баштаган.
-

Мозаика доорлордун символу сыяктуу
Оштун айрым имараттарында сакталып калган монументалдык мозаика шаардын тарыхындагы совет мезгилинин визиттик картасы болуп саналат. Ошол мезгилдин рухуна толук канган мозаика паннолору Ошто биринчи жолу…
-

Сулайман-Тоодогу чокулар жана үңкүрлөр
Сулайман-Тоо – узундугу 1 140 метр, туурасы 569 метр болгон, Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 1 000 метрден ашык бийиктикте, Оштун тарыхый борборунда жайгашкан беш баштуу…




