
Советтик Ош
Оштун шаардык тарыхы тээ илгери калыптана баштаган. IX-X кылымдарда бул орто кылымдагы сепили бар типтүү шаар болгон, анын айланасында дарбазасы бар шаар жайгашкан. Ал эми XVII-XIX кылымдары Ош татаал көчөлөрү, ызы-чуу базарлары, чайханалары, мечиттердин жана медреселердин топтому бар классикалык чыгыш шаары катары калыптанган.
1876-жылдан тартып, Россия империясынын курамына киргенден кийин “эски шаардын” түштүгүндө (эски базардын аймагы) “жаңы шаар” пайда болуп, тез өнүгө баштаган. Дал ошол шаардын тегерегинде совет мезгилинде Ош шаары өнүккөн.
1938-жылы Кыргызстанга москвалык архитекторлордун тобу учуп келишкен, алардын алдында шаарларды жана шаар тибиндеги кыштактарды куруу жана реконструкциялоо милдети турган. Айтмакчы, 1939-жылы Ош шаары ушундай эле аталыштагы облустун административдик борбору болгон.
1940-жылы Одесса көркөм училищасынын архитектура факультетинин бүтүрүүчүсү, таланттуу архитектор жана сүрөтчү Василий Змиевскийдин жетекчилиги алдындагы “Киргоспроект” трести Ошту куруу жана реконструкциялоо боюнча биринчи пландоо документтерин иштеп чыгат. Архитекторлор Оштун мурунку көрүнүшүн сактоо менен кварталдардын жана эски көчөлөрдүн жайгашуу өзгөчөлүгүн эске алып, көчөлөрүнүн тик бурчтуу жана радиалдык-тегерек торчолору бар шаардын аралашма пландоосун сунуш кылышкан. Шаардын жаңы тарыхы ушинтип башталган.
Турдун локациялары
- Памирге болгон жол Оштон башталат!Оштогу өзгөчө эстеликтердин бири! Памир тракты – дүйнөдөгү эң бийик тоолуу жолдордун бири, 1894-жылы Россия империясынын армиясынын саперлору Мицкевич, Бураковский жана Зараковский тарабынан эски кербен жолдорун бойлой салынган.
- Ош чебиОш чеби 1919-жылы Россия падышалыгы убагындагы мурунку аскер казармаларынын ордуна курулган, “жаңы шаардын” дал борборундагы Курманжан Датка жана Ломоносов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
- Көпүрөлөр жана Ак-БуураОш – көп сандагы көпүрөлөрдүн жана көпүрөчөлөрдүн шаары. Биз шаарда сейилдеп жүрүп, көпүрөлөрдө сейилдеп жүргөнүбүздү сезбейбиз, алардын алдында көп сандагы каналдар жайгашкан. Көпүрөлөрдүн көпчүлүгү Ак-Буура дарыясында жайгашкан. Ал Оштун борбору менен агып өтүп, шаарды оң жана сол жээкке бөлөт. ХХ кылымдын башында эле Ош ушинтип экиге бөлүнгөн.
- Мозаика доорлордун символу сыяктууОштун айрым имараттарында сакталып калган монументалдык мозаика шаардын тарыхындагы совет мезгилинин визиттик картасы болуп саналат. Ошол мезгилдин рухуна толук канган мозаика паннолору Ошто биринчи жолу 1960-1970-жылдары пайда болгон, ал шаардын башкы реконструкциясы башталган кез болчу.
- Эстеликтер алмашкан доорлордун символу сыяктууОштун борбордук аянтында коммунисттердин жол башчысы Владимир Лениндин эстелиги дагы деле турат, ал 1985-жылдын май айында тургузулган. 11 метр бийиктиктеги эстелик 12 метрлик постаментте көтөрүлгөн. Долбоордун автору совет скульптор-монументчиси Николай Томский эстеликтин ачылышына бир жыл калганда каза болгон.
- Алай тоолорундагы советтик шаарСоветтик Ошко кош келиңиздер! Шаардын азыркы көрүнүшү негизинен совет мезгилде калыптанган. Бул пландарды 1930-жылдардын аягында ишке ашырууга экинчи дүйнөлүк согуш тоскоол болгон. Ошондуктан, Оштун толук негизги реконструкциясы 1949-жылы башталган.

Башка локациялар
-
Орус православ чиркөөсү
Михайло-Архангельский храмы – Орус православ архитектурасынын жалгыз эстелиги, XIX кылымдын аягында анын айланасында “жаңы шаар” деп аталган Оштогу славян коомчулугу калыптана баштаган.
-
Орто кылымдагы мончо
Сулайман-Тоонун түндүк этегиндеги орто кылымдагы мончонун калдыктары 1984-жылы павильон куруу үчүн курулуш иштерин жүргүзүп жаткан убакта күтүүсүздөн табылган.
-
Токтогул атындагы сейил бак
Оштогу эң эски сейил бактардын бири, 1878-жылы генерал-губернатордун шаардык багы катары салынган. Ошол эле жылдары Ак-Бууранын сол жээгине чиркөө, казына, аскер казармалары жана дарыканасы бар…
-
Абдулла-хан IIнин мечит-рабаты
Абдулла-хан IIнин мечит-рабаты XVI кылымдагы Шейбаниддер доорундагы тарыхий-архитектуралык эстелик, ал Сулайман-Тоонун түндүк этегинде жайгашкан, болжолдуу түрдө 1580-жылы Бухарадан Ошко чейинки, Хорезмден Хорасанга чейинки эбегейсиз чоң…
-
Нөлдүк километр. Сулайман-Тоонун этеги
Сулайман-Тоонун түндүк этегинин алдындагы аянт дайыма ачык жана адамдар көп жүргөн жай болчу. 1970-жылдарга чейин мурунку жаңы музейдин, фонтандын жана аянтчанын ордунда кадимки махалла, ылай…
-
Эстеликтер алмашкан доорлордун символу сыяктуу
Оштун борбордук аянтында коммунисттердин жол башчысы Владимир Лениндин эстелиги дагы деле турат, ал 1985-жылдын май айында тургузулган. 11 метр бийиктиктеги эстелик 12 метрлик постаментте көтөрүлгөн.…
-
Алай тоолорундагы советтик шаар
Советтик Ошко кош келиңиздер! Шаардын азыркы көрүнүшү негизинен совет мезгилде калыптанган. Бул пландарды 1930-жылдардын аягында ишке ашырууга экинчи дүйнөлүк согуш тоскоол болгон. Ошондуктан, Оштун толук…
-
Улуттук драма театры
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры Кыргызстандагы ири жана православ театрларынын бири. Театр 1972-жылы түзүлгөн, театрдын жаңы имараты курулганга чейинки эки жылдын ичинде артисттер…